www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата эл аралык айтыш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Маданият министрлиги, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз улуттук "Манас" театры жана республикалык "Айтыш" коомдук фонду биргелешип уюштурууда.

Айтыштын финалдык бөлүгү 15-16-майда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрында өтөт.

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев поэзия майданына кошулган өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланган. Анын "Ак калпак", "Ашуудан берген отчётум" деген китептери колдон-колго өтүп окулган. Сарногоевдин ырларынын ар бир сабынан кыргыздык мүнөз, кыргыздык бөтөнчөлүктөр көрүнүп турат. Ал төкмөлөр чыгармачылыгына жакын, нукура улуттук колорит менен жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости