www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көз каранды эмес Украинанын туңгуч президенти Леонид Кравчук 88 жашында көз жумду. Маалыматты мамлекет башчы Владимир Зеленскийдин администрациясы 10-майда Телеграмдагы каналында расмий ырастап, чоо-жайын кеңири жазган жок.

Кравчук өткөн жылы жүрөгүнөн операция болгон. Ал бир айдан бери ооруканада экени кабарланып келген.

Зеленский маркум президентти Советтер Союзу ыдырагандан кийинки башаламан жылдары мамлекетти башкарган даанышман лидер катары мүнөздөдү.

Леонид Кравчук 1991-жылдын 8-декабрында ошол кездеги Орусиянын лидери Борис Ельцин, Беларустун жетекчиси Станислав Шушкевич менен СССР биротоло жоюлушуна алып барган Беловеж келишимине кол коюшкан.

Ал Украинанын башында 1991-1994-жылдары турган.

4-майда көз карандысыз Беларустун туңгуч президенти Станислав Шушкевич узакка созулган оорудан кийин 87 жашында дүйнөдөн кайткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости