www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта бир күн бою тынбай «Манас» айтылат

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 4-декабрда Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде бир сутка бою «Манас» айтуу иш-чарасын өткөрөт.

Министрликтин маалыматына караганда, бул иш-чара «Манас күнүнө» арналат жана ага Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш жана белгилүү манасчылар катышат. 4-декабрда саат 11:00дө башталып, 5-декабрда саат 11:00 жыйынтыктала турган иш-чара «Маданият. Тарых. Тил» каналы аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Министрлик бул майрамдык акцияны өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай турганын, ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттардын колдоосу менен өткөрүлөрүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости