www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин соту дагы жылдырылды

Бүгүн, 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча сот отуруму өтмөк. Отурумга судья Азирет Медеров төрагалык кылат.

Бирок сот залына А.Атамбаевди алып келишкен жок. Күзөтчүлөрдөн маалымат катын алган судья: «Ден соолугума байланыштуу отурумду бир жумага жылдырууну суранам», - деп окуп берди.

Маалым катта мурунку президентте баш оору, алсыздык, жөтөл бар экени айтылган.

Сот залына ошондой эле Албек Ибраимов, Аскар Шадиев жана айрым жактоочулар келген жок. Буга байланыштуу айыптоочу тарап, жактоочулар, жабырлануучулар отурумду жылдырууну суранды. Кой-Ташта көз жумган Үсөнбек Ниязбековдун (командирдин орун басары) өкүлү гана каршы чыкты.

Пикирлерди уккан судья жыйынтыгында отурумду 9-декабрга жылдыруу чечимин кабыл алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости