www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам укуктары боюнча кыскартылган беренелер Конституциянын долбооруна кайтарылды. Бул тууралуу брифингде Конституциялык кеңешменин мүчөсү, укук коргоочу, “Келечекке жол” элдик кеңешинин жетекчиси Турсунбек Акун билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктарын коргогон өлкө деп аталат. Кыргызстанда демократиянын эң чоң белгиси - бул адам укугу. Бул тема 43 беренеден турат.

"Эгерде биз адам укугу боюнча беренени дүйнөлүк коомчулукка жана эл аралык стандартка ылайык иштеп чыксак, анда Конституциянын конфигурациясы ошого жараша түзүлөт. Биз тынбай иштеп жатабыз. Кемчиликтер кеткен, жаңы редакцияда адам укуктарына арналган тема 11 беренеге чейин кыскарган. Биз алардын баарын эл аралык станданттарга ылайык аларды ордуна койдук", - дейт ал.

Ошондой эле Акун адам укуктары боюнча ар бир берене менен иштеп жаткандыктарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости