www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда ак илбирс Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин имаратында кармалууда. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришкен.

Анда айтылгандай, жапайы жырткычты дарылоо үчүн анын оорусун аныктоо иши башталды. Жырткычты рентгенге тартуу чечими - Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору менен медициналык кызматкерлердин катышуусунда өткөн кеңеште кабыл алынган. 

Белгилей кетсек, бул жарадар ак илбирс кечээ, 9-январда Талас облусундагы Көк-Ой айылында кармалган. Бул Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы тараткан видео-маалыматта белгилүү болгон. Анда жабалактаган адамдар бактын башына чыгып алган жапайы жырткычты багынып алганын көрүүгө болот. 

Эскерте кетүүчү жагдай, кызыл китепке кирген ак илбирсти атууга тыюу салынган. Аткандарга 1 млн сом айып салынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости