www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Шекер айылында кой кайтарып, кордолуп жатканы айтылган баланын атасы маалыматты төгүндөдү. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилесек, 2-августта социалдык тармактарга кой кайтарып жүргөн баланын видеосу тараган. Маалымат алынары менен Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы, милиция, социалдык өнүгүү башкармалыгы, билим берүү бөлүмү жана Шекер айыл өкмөтү менен биргеликте ыкчам иликтөө иштери жүргүздү.

Иликтөөнүн жүрүшүндө видеодогу бала Шекер айыл аймагынын Арчагул айылынын 2014-жылы туулган тургуну экендиги, ушул эле айылдагы мектепте окуй тургандыгы аныкталды. Окуу учурунда сабактарды калтырбай тургандыгын класс жетекчиси тастыктады. Учурда Казакстан Республикасы менен чектешкен Көк-Дөбө участкасында жайгашкан сарайда таэнеси менен биргеликте өздөрүнүн 53 баш коюн каникул учурунда багып жаткандыгы белгилүү болду.

"Апасы төрөп ооруканада болгондуктан, атасы кичүү инилерин карап Арчагул айылындагы үйүндө болгондугу, сарайдан кабар алып тургандыгы такталды.

Окуучу социалдык кызматкерлердин катышуусунда көрсөтмө берип, ата-энеси тарабынан эч кандай зомбулук көрсөтүлбөгөндүгүн, апасы ооруканада жаткандыгына байланыштуу малды өз ыктыяры кароого көмөк көрсөтүп жаткандыгын билдирди.

Социалдык тармактарда айтылган маселе боюнча видео тарткан адамга эч кандай жашоо шарты боюнча маалымат бербегендигин белгиледи", - дешет башкармалыктан.

Аталган маселе боюнча жеринде атайын түзүлгөн комиссия баланын атасына түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мындан сырткары тиешелүү райондук мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана айыл аймак башчысына аталган үй-бүлөнү такай көзөмөлгө алуу жагы тапшырылды.

Милиция жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоону эскертет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости