www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, өлкөгө иш сапары менен келген Европа биримдигинин жогорку өкүлү - Европа комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррелди кабыл алды.

Кеңири чөйрөдөгү маселелер, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыктын, инвестициялардын келечеги жана энергетика, транспорт жана суу ресурстары, санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Европа биримдиги өлкөнүн эгемендүүлүк алгандан бери туруктуу өнүгүү боюнча колдоо көрсөтүп келе жаткан Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты.

Президент Садыр Жапаров Европа Бирлигинин инвесторлоруна Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу гидроэнергетикалык жана транспорттук долбоорлорго кошулууну сунуштады.

Өз кезегинде Европа биримдигинин жогорку өкүлү Жозеп Боррель Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылы Брюсселдеги Европа биримдигинин штаб-квартирасына болгон жемиштүү сапарын айтып өттү.

Ал белгилегендей, бул сапардын алкагында кол коюлган Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Макулдашуу эки тараптуу мамилелерде, өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө жаңы перспективаларды ачат.

Жозеп Боррель Европа биримдигинин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө берилгендигин жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ырастады.

Последние новости