www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын аткаминерлери эскалациянын тобокелдигин түшүнүп турушканын, бирок өлкө бийлиги кол салууга карата катуу жоопту талап кылгандарды ички кысымга кабылганын белгилеген.

ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны өлтүргөндөн кийин Тегеранды Израилге каршы сокку урууну токтотууга үндөө аракетинен майнап чыкпайт, ал эми чабуулдун өзү чагылгандай тез жана катуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы аты аталбаган дипломатка шилтеме берип жазганын РИА Новости билдирди.

Ички маселелер менен тааныш болгон басылманын маектеши Израилдин соңку чабуулдарын эске алганда, мамлекеттердин Тегеранды кырдаалды курчутпоого көндүрүү аракеттеринен оң натыйжа чыкпайт.

"Көндүрүүнүн мааниси жок. Израиль бардык чектен чыгып кетти... Биздин жооп ыкчам жана катуу болот", — деген дипломат.

Ирандын аткаминерлери эскалациянын тобокелдигин түшүнүп турушканын, бирок өлкө бийлиги кол салууга карата катуу жоопту талап кылгандарды ички кысымга кабылганын белгилеген.

Иран менен "Хезболла" Израилдин акыркы соккуларына кандай гана жооп болбосун "апрелдеги атышуудан күчтүү болушу керек" деп эсептеп жатышканы айтылат. Ошондой эле "Хезболла" алардын жообу бир жолку чабуул эмес, бир катар аракеттер менен коштолорун билдирген.

Эске салсак, 2024-жылдын 31-июлуна караган түнү Палестинадагы ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны Тегеран шаарында ракета менен атып, жок кылышкан. Бул мамлекетке ал Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышуу үчүн келген эле. Тегеран бийлиги чабуул Ханиянын Ирандагы резиденциясына жасалгандыгын, аны менен кошо бир жан сакчысы каза тапканын билдирген. ХАМАС анын өлүмүнө Израиль менен АКШ жоопкер экенин айтып, бул кадам жоопсуз калбай тургандыгын эскертишкен.

Бириккен Улуттар Уюмундагы Ирандын миссиясы да Тегеран Ханиянын өлүмү үчүн атайын операция менен жооп берерин билдирген. Иран ТИМи чабуулдун жоопкерчилигин Израилге артып, бул кадамга АКШнын катыштыгы бардыгын айткан. Хаменеи Израиль Иранга конок катары келген Ханияны жок кылып, "катаал жазага өздөрү кириптер болуп алышканын" белгилеген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости