www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлүп жаткан майрамдык иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери менен катар коомдук тартипти камсыз кылууга робот-ит Актөш да тартылды.

Робот-ит ИИМдин ишмердүүлүгүнө заманбап технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүү алкагында, министр Улан Ниязбековдун демилгеси менен алынган.

Актөш коомдук жайларда коопсуздукту камсыз кылууда милиция кызматкерлерине көмөк көрсөтөт.

ИИМ заманбап технологияларды колдонуу менен катар кызматтык иттердин мүмкүнчүлүктөрүн да коомдук коопсуздукту камсыз кылууда пайдаланат.

Ведомство робот-итти жаңы технологиялар менен милициянын тажрыйбасын айкалыштырган заманбап чечим катары баалайт.

Последние новости