www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас районунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен жер тилкелери жана кампа курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтарылды.
Талас райондук прокуратурасы тарабынан жер жана мүлк мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын текшерүү учурунда Көк-Ой айылындагы Талас токой чарбасына таандык 0,08 гектар жер тилкеси, ошондой эле Кең-Кол айыл өкмөтүнүн аймагындагы 25 чарчы метрлик кампа курулмасы менен 0,12 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөнү аныкталган.
Прокурордук чаралардын негизинде жалпы аянты 0,20 гектарды түзгөн жер тилкелери жана кампа курулмасы мамлекеттин жана муниципалитеттин карамагына кайтарылды.
Кайтарылган мүлктүн жалпы баасы 4 млн 798 миң сомду түзөт.