www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында милиция топ балдар тарабынан кызга жана анын курбуларына кол салуу тууралуу маалыматты текшерүүдө. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Жабырлануучунун айтымында, ал курбулары менен көл жээгинде жүргөн учурда аларга он чакты жигит келип, кыздарды видеого тартып, "жылаңач сууга түшүшкөн" деген жалган жалаа менен интернетке жарыялайбыз деп коркутушкан.
Кыздын айтымында, ал дене түсүндөгү (телесный) кадимки купальник кийип жүргөн. Ал жигиттерден мындай дооматты далилдеп берүүнү талап кылганда, алар аны кемсинтип, орой сөздөрдү айта башташкан.
Жабырлануучунун айтымында, жаңжалга катышкандардын биринин колунда бычак болгон. Андан кийин жигиттердин бири аны бетке тээп, ур-токмокко алган. Ошол эле учурда топтогу балдар кыздардын буюмдарын алып кетишкен.
Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы бул окуя маалыматтарды каттоо журналына катталганын билдирди.
Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция болгон окуянын бардык жагдайларын тактап, жаңжалга катышкандардын өздүгүн жана алардын жүргөн жерин аныктап жатат.