www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жер маселеси, тышкы карыз, туризм жана энергетика боюнча коомчулукта жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 2020-жылга чейин Кыргызстандын аймагы 19 млн 994 миң гектарды түзсө, чек араны тактоонун жыйынтыгында өлкөнүн аймагы 15 миң 572 гектарга кеңейип, учурда 20 млн 9 миң 572 гектарды түзөт.

Анын айтымында, инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлер өлкөнүн жалпы аймагынын 0,1 пайызынан ашпайт. Бул жерлерде заводдор, фабрикалар, логистикалык борборлор, энергетикалык жана туристтик объектилер курулушу керек болгон.

Президент айрым инвесторлор алган жерлерди максатсыз пайдаланып же көп жылдар бою өздөштүрбөй келген учурлар аныкталганын айтып, мындай жерлер мамлекетке кайтарылып, милдеттенмесин аткара турган инвесторлорго берилиши керектигин белгиледи.

Ошондой эле айылдарда турак жай куруу үчүн жер тартыштыгы күчөп жатканын, ушул себептен аймактарда 3-5 кабаттуу үйлөрдү куруу башталганын билдирди.

Тышкы карыз боюнча мамлекет башчысы учурда Кыргызстандын карызы ИДПнын 39 пайызын түзөрүн, мындан ары бул көрсөткүчтү 50 пайыздан ашырбоо милдети коюлганын айтты.

Мындан тышкары, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу өлкөнү транзиттик мамлекетке айлантып, экономикага чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.

Туризм тармагында өлкөгө келген туристтердин саны 13 миллионго жеткенин айтып, бул экономиканын өсүшүнө салым кошуп жатканын кошумчалады.

Энергетика тармагына токтолуп, акыркы беш жылда 50гө жакын чакан жана орто ГЭС ишке берилгенин, дагы 50дөй ГЭС курулуп жатканын билдирди. Ошол эле учурда электр энергиясынын тартыштыгын жоюу боюнча иштер уланып жатканын белгиледи.

Президент Кыргызстан инвестицияга ачык экенин, бирок бардык долбоорлор мыйзамдын талаптарына ылайык ишке ашып, өлкөгө жумуш орундарын жана экономикалык пайда алып келиши керектигин баса белгиледи.

Последние новости