www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы карызы боюнча түшүндүрмө берип, учурда өлкөнүн карыз жүгү коопсуз деңгээлде экенин билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукцияга (ИДП) карата эсептелет.

«Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПнын 39 пайызын түзөт», — деди президент.

Анын белгилешинче, өкмөттүн алдына мамлекеттик карыздын көлөмүн келечекте ИДПнын 50 пайызынан ашырбоо боюнча тапшырма коюлган.

Ошондой эле Садыр Жапаров азыр алынган тышкы карыздар мурдагыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен көрүнүктүү, толук көзөмөлдөнгөн жана келечекте өзүн-өзү актаган долбоорлорго багытталып жатканын айтты.

Президент дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө мамлекеттик карыз ички дүң продукциянын 100 пайызынан ашып кеткенин белгилеп, бирок Кыргызстан мындай көрсөткүчтү үлгү катары карабашы керектигин кошумчалады.

Последние новости