www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын темир жол боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бүтсө Кыргызстан туюк өлкөдөн транзиттик өлкөгө айланып, Кытай менен дүйнөнүн ортосун бириктирген өлкө болобуз.
"Биринчиден, дүйнөгө эшик ачып толук көз карандысыз өлкө болобуз.
Экинчиден, транзит үчүн бүгүн "Кумтөрдөн" алган кирешедей эле түбөлүк киреше алабыз. Экинчи "Кумтөр" болот десек болот.
Бүгүнкү күнгө чейин биз туюк өлкөдө жашап келе жатабыз.
Темир жолубуз да туюк, авто жолдорубуз да туюк.
Анан албетте, товарларды экспорт-импорт кылуунун баарынан көз карандыбыз.
Мына ушул жолду салууда биз чет өлкөлүк адистердин жардамына муктажбыз. Себеби өзүбүз салабыз деп олтура берсек, өзүбүздүн адистерди даярдоо үчүн ондогон жылдар кетет. Убакытты күтүп олтурбастан бул жолду баштадык. Күтүп олтура берсек дагы ондогон жылдарга кошуна өлкөлөрдөн артта калабыз.
Ансыз деле өнүккөн өлкөлөрдөн 100 жыл артта калсак, жалаң саясат деп жүрүп
кошуна өлкөлөрдөн 10-15 жылга артта калыптырбыз.
Албетте, бул жолдун бүтпөй калышына кызыкдар күчтөр көп.
Арасында өзүбүздүн ички терс күчтөр да бар.
Бирок биз мамлекеттин келечеги үчүн кандай гана терс күчтөр болбосун жеңип чыгышыбыз керек. Эгер бул темир жол токтоп калса, биз мурдагыдай эле түбөлүк көз каранды мамлекет бойдон калабыз. Келечегибиз туман болуп калат. Ошондуктан акылы тунук, алысты көрө билген жарандарыбыз чакырык жасагандарды тартипке келтиргиле. Адашып калышпасын. Өлкөнүн өнүгүшүнө пайдасы тийбесе да, зыянын тийгизишпесин", - деди президент Жапаров.