www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде аткезчиликке жардам берген деген шек менен өзүнүн аскер кызматкерин кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөдөгү маалымат боюнча, А.М. аттуу аскер кызматкери кыргыз-тажик чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып өткөн жарандарга көмөк көрсөткөн. Анын бул ишке тиешеси бар экенин мекеменин өздүк коопсуздук бөлүмү аныктаган.
Кызматкер кармалып, чогултулган материалдар Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.