www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукта талкууланып жаткан жер маселеси, тышкы карыз, темир жол курулушу, туризм жана энергетика тармактары боюнча билдирүү жасады.
Мамлекет башчысы туризм тармагынын өнүгүүсүнө токтолуп, акыркы жылдары өлкөгө келген чет элдик меймандардын саны өскөнүн белгиледи.
Анын айтымында, 2020-2021-жылдарга чейин Кыргызстанга жылына 2-3 миллионго жакын турист келсе, учурда бул көрсөткүч 13 миллионго жеткен.
«Бул Кыргызстандын калкынын санынан эки эсе көп.
Бул экономиканын өсүп жатканын, өлкөбүздүн дүйнөгө таанылып, туристтерди өзүнө тартып жатканын билдирет.
Туристтердин агымы ИДПнын өсүшүнө кошумча 4-5 пайыздык салым кошту», – деди Садыр Жапаров.
Президент дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү туристтерди тартуу үчүн ири каражат жумшай турганын, ал эми Кыргызстанга меймандар өздөрү келип жатканын белгиледи.
Ал жарандарды ар бир туристти сый-урмат менен тосуп алууга чакырып, туризм келечекте өлкөнүн негизги киреше булактарынын бири болорун айтты.
«Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт, ал эми туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат.
Ар бир кыргызстандык туризмди өнүктүрүүгө өз салымын кошсун», – деп кайрылды мамлекет башчысы.