www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги “Ынтымак Ордо” имаратында 2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө “Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы” сертификаттары тапшырылды.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан сертификаттарды тапшырды.

Салтанатка 54 алтын сертификаттын ээси жана аймактардан ЖРТда жогорку көрсөткүчтөргө жеткен 20 бүтүрүүчү катышты.
Адылбек Касымалиев Президенттин куттуктоосун окуп берип, бүтүрүүчүлөрдү ийгилиги менен куттуктады.

Ал алардын жетишкендиги талыкпаган эмгектин, ата-энелердин колдоосунун жана мугалимдердин үзүрлүү эмгегинин натыйжасы экенин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн негизги байлыгы — билимдүү жана таланттуу жаштар экенин айтып, билим берүү системасын өнүктүрүү жана жаш муунга дүйнөлүк деңгээлде атаандашууга шарт түзүү боюнча реформалар улантылып жатканын билдирди.

Ал бүтүрүүчүлөрдү кайсы кесипти тандабасын, өз тармагында мыкты адис болууга, ошол эле учурда улуттук баалуулуктарды жана ата-бабалардын мурасын сактоого чакырды.

Иш-чаранын соңунда ЖРТда жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө мамлекет башчысынын атынан эстелик белектер тапшырылды.

Последние новости