www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 30-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Бает айылында Formula 1 H2O Кыргызстандын Гран-приси – Issyk-Kul 2026 эл аралык мелдеши өтөт.
Иш-чаранын коопсуздугун камсыздоо максатында ушул күндөрү «Балыкчы – Ананьево – Каракол» автоунаа жолунда (Ысык-Көлдүн түндүк жээги) айрым убактарда транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды сапарларын алдын ала пландап, мүмкүн болсо альтернативдүү багыт катары «Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол» автоунаа жолун пайдаланууга чакырды.
Ошондой эле белгиленген мезгилде айыл чарба техникаларынын, жүк ташуучу жана оор жүк ташуучу унаалардын кыймылында убактылуу кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн экени эскертилди.