www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-июнда УКМКнын Талас облусундагы кызматкерлеринин катышуусунда жагымсыз окуя болду.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Талас облусунда УКМКнын мас кызматкерлери травматикалык тапанча колдонуп, эс алуучуларды сабашканын жазышкан.

Бүгүн, 22-июнда УКМКнын басма сөз кызматы 20-июнда УКМКнын Таластагы кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкканын билдирди. УКМКнын басма сөз кызматы ок атуучу курал колдонулбаганын белгиледи. Андан тышкары УКМКнын кызматкерлери жергиликтүү тургунду коркутуп, көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбур кылышканын дагы четке кагып, тараптар элдешишкенин билдирди.

«Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында УКМКнын Таластагы кызматкерлерине тиешелүү чаралар көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости