www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылындагы мектеп окуучуларына  "Жаш өспүрүмдөргө жакшы тарбия  берүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу" боюнча семинар болуп өттү.

Иш чара Талас областык усулдук борбору  РИИБ менен биргеликте өткөрүп, окуучуларга таалим-тарбия жаатындагы баяндамалар айтылды.

Талас областык усулдук борборунун  директору Таабалды Тилекматов балдарга тарбия берүүдө мектеп менен ата-энелер биргеликте тыгыз иш алып баруулары зарыл экендигин баса белгилеп, иш чара жогорку класстын окуучуларынын ачык сабагы менен  коштолду.

Ал эми Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев тарбия берүүнүн жол жоболорун баяндап, жаш жетикинчектерге туура жолду биргеликте көрсөтүп берүү керек экендигин билдирди.

Семинарга мектеп директорлору жана соцпедагогтор, айыл аксакалдары катышып, өз ойлорун ортого салышты деп билдирет Муфтияттын Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости