www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас шаарында жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өттү.
Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, судьялар, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле укук коргоо түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Аземде сүйлөгөн сөзүндө Медербек Сатыев жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушу өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот реформасынын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.
Анын айтымында, акыркы жылдары Президенттин колдоосу менен сот инфраструктурасын жаңылоо боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлүп, өлкөнүн бардык аймактарында жаңы сот имараттары курулуп, иштеп жаткан имараттар капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.
Жаңы имаратта жергиликтүү соттор, Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы, сот приставдары жана башка тиешелүү кызматтар бир жерге жайгашып, заманбап шартта иш алып барышат.
Бул жарандар үчүн сот кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Расмий бөлүктөн кийин иш-чаранын катышуучулары жаңы административдик имараттын пайдубалына мезгил кутусун салышты.
Андан соң конокторго имараттын архитектуралык долбоору, курулуштун этаптары жана анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
Жаңы Сот адилеттик үйү сот органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, жарандарга сапаттуу жана заманбап шартта кызмат көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында курулууда.