www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Таш-Рабат» тарыхый-архитектуралык комплексинде жүрүп жаткан оңдоо-реставрациялоо иштерине байланыштуу жарандарды жана туристтерди эстеликке убактылуу барбай турууга чакырды.
Министрликтин маалыматына ылайык, реставрация иштери Министрлер кабинетинин 2023–2027-жылдарга карата «Көөнө тарых сырлары» мамлекеттик программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Анын негизги максаты – тарыхый эстеликти сактоо, конструкцияларын бекемдөө, коопсуз пайдаланууга шарт түзүү жана аны келечек муундарга жеткирүү.
Учурда комплекстин аймагында курулуш техникалары жана атайын жабдуулар иштеп жаткандыктан, айрым тилкелер тосулуп, кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Министрлик бул чаралар келгендердин коопсуздугун камсыздоо жана реставрация иштерин сапаттуу жүргүзүү үчүн көрүлүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле туристтик компанияларга жана экскурсоводдорго маршруттарды пландаштырууда киргизилген чектөөлөрдү эске алып, туристтерди алдын ала маалымдоо сунушталды.
Министрлик белгилегендей, чектөөлөр убактылуу мүнөзгө ээ. Реставрациянын негизги этаптары аяктап, коопсуз шарттар түзүлгөндөн кийин «Таш-Рабат» комплексине баруу кайрадан толук калыбына келтирилип, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилет.