www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоң районунда бир күндө өткөн үч ири маданий жана спорттук иш-чаранын коопсуздугун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте камсыздашты.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 6-августта Тоң районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларда Тоң РИИБдин кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөштү.

Майрамдык программанын алкагында Бөкөнбаев айылында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рахат Жунушбаеванын катышуусунда Кыргыз–Корей ашканасынын фестивалы өттү. Ошондой эле И. Тойчубеков атындагы Маданият үйүндө төкмө акындардын катышуусунда «Айтыш» өнөр майрамы уюштурулду.

Иш-чаралар Күн-Чыгыш айыл аймагындагы Кичи-Көңдөй – Боз-Бешик тилкесинде өткөн улуттук «Ат чабыш» мелдеши менен жыйынтыкталды.

Милициянын маалыматына караганда, кызматкерлердин ыкчам аракетинин жана күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында бардык иш-чаралар тынч жана уюшкандыкта өтүп, коомдук тартип бузуу, жол кырсыгы жана башка өзгөчө кырдаалдар катталган жок.

Последние новости