www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери кармалды, деп билдирди УКМК.
Тактап айтканда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара талап кылуу фактысы аныкталды.
«28-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында айып короодон унааны чыгарып берүү үчүн мыйзамсыз акча алган Айтматов РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, милициянын майору К.Н.Р. жана кенже инспектор, милициянын сержанты Н.С.Ж. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу боюнча тергов иш-чаралары уланууда», деп айть расмий маалыматта