www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-август күнү Талас районунун Жон-Арык айылында Париждеги Олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча коло медаль уткан балбан Үзүр Жузупбековду тосуп алышты. Бул тууралуу сүрөттөрдү социалдык тармактарга Сайкал Калыгулова жарыялады.

"Париж олимпиадасынын коло медалынын ээси Үзүр Жузупбековду кичи мекенинде тосуп алышты. Талас районунун Жон-Арык айылынын эли, Талас районунун жетекчилиги Талас Райондук Мамлекеттик Администрациясы , айыл өкмөт Tилек Сакаеев  мыкты деңгээлде даярдык көрүшүптүр. Жалпы 200 дөн ашык адам келип, балбаныбызга күлүк мингизип, колуна Колпоч уруусунан 500 миң сом, квартира, автоунаанын ачкычын тапшырышты. Ушундай жеңиштерде ынтымагын, пейилин көрсөткөн элибиз бар болсун",-деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков 97 кг чейинки салмакта коло медаль үчүн күрөшкөн. Египеттик Мохамед Габр экөөнүн беттеши 2:1 эсеби менен аяктап, жыйынтыгында Үзүр Жузупбеков коло медаль уткан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости