www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт коопсуздугун сактабаган мекемелерге айып салынарын эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн атайын түзүлгөн комиссиянын катышуусунда Лейлек районунун Раззаков шаарынында жайгашкан жеке менчик базарларда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Комиссиянын курамына ӨКМдин адистери, ИИМ кызматкерлери, Раззаков шаарынын мэриясынын, райондук электр тармактар ишканасынын өкүлдөрү жана башка тийиштүү кызматтардын өкулдөрү кирген. Анда ар бир мекеменин өкүлдөрү өз тармагы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чара өрт коопсуздугунун алдын алууга, электр жабдыктарын жана электр чубалгыларын талапка ылайык пайдаланууга, архитектуралык нормаларды сактоого багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө айрым ишкерлер коюлган талаптарга баш ийбей, тоскоолдук жаратып келгенине байланыштуу, пландан сырткары өрттүк-тактикалык машыгуу өттү.

Түшүндүрүү ишетринин жыйынтыгында эреже бузуулар аныкталса,КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салынары эскертилди.
 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости