www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө алдоо жолу менен акча алуу максатында өзүн салык кызматкери катары тааныштырган адамдардын аракеттерине байланыштуу алдамчылык фактылары көбөйгөнүн эскертет.

Ведомстводон маалымдашкандай, жарандардан социалдык мессенджерлер аркылуу белгисиз адамдар байланышып, өзүн "салык агенти" катары тааныштырып, такталбаган эсепке акчаны которууну талап кылып жатканы тууралуу билдирүүлөр келип түшүүдө. Жабырлануучуну ишендирүү үчүн алдамчылар Салык кызматынын кызматкерлеринин жасалма күбөлүктөрүнүн сүрөттөрүн жөнөтүшүп, акча которууну негиздөө үчүн ар кандай салыктык чегерүүлөргө байланыштуу себептерди ойлоп табышууда.

Салык кызматы жарандарды сак болууга жана шылуундардын айла-амалдарына алданбоого чакырат. Ошондой эле салык кызматкеримин деген адам тарабынан шектүү кайрылуулар болгон учурда укук коргоо органдарына билдирүүнү суранат. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости