www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан абортко дээрлик толугу менен тыюу салууга аракет кылууда. Акыркы жумаларда бийлик өкүлдөрү медициналык мекемелерди кыдырып, дарыгерлерге аборт жасагандыгы үчүн дипломунан ажырата турганын эскертип жатышат.

Бул тууралуу 20-августта “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары билдиришти.

Бир катар медицина кызматкерлеринин айтымында, учурда түйүлдүк өспөй калган же жүрөгү сокпой калган учурда гана аборт жасоого уруксат берилет.

Түркмөнстанда 2022-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, бойдон алдырууга кош бойлуулуктун алгачкы беш жумасында гана уруксат берилген. Бул жагдай аялдардын каалабаган кош бойлуулукту токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн абдан чектейт.

"Азыр алар мыйзамда каралган мөөнөттөрдү да эске алышпайт", - деди атын атагысы келбеген дарыгерлердин бири.

Абортко бөгөт коюу боюнча бийлик комментарий бере элек.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстан өкмөтүн аялдардын укуктарын чектеп, анын ичинде кош бойлуулукту токтотуу боюнча чечим кабыл алуу укугун чектеп жатат деп сындап келишет.

Последние новости