www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда болгон катуу шамал Манас районуна 1 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келди. Бул тууралуу Жарандык коргонуу комиссиясынын эсебине таянып ӨКМден билдирди.

"Манас районунда мектеп, мечит, автоунаа өткөрмө бекети, ФАП сыяктуу социалдык мекемелердин чатырлары талкаланган. Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иштеп, жалпы материалдык чыгым 1 036 188 сомду түзгөнү аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушундай эле шамал Кара-Буура районунда болуп, ал жерде дагы бир катар имараттар чатырсыз калды. Чыгымды тактоо иштери бүгүн да улантылмакчы.

Эске салсак, 17-ноябрь күнү саат 14:00дөр чамасында ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен катуу шамал башталып, бир катар социалдык мекемелердин чатырын учуруп кеткен. Ошондой эле бак басып калган 46 жаштагы тургун каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости