www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын оппозициячыл маалымат порталы «Oda TV» Фетхуллах Гүлендин ууландырылып өлтүрүлгөнүн билдирди. Ошондой эле, «ФЕТӨ» уюмунун Гүлендин али тирүү экенин жарыялаган видео монтаждалганы да айтылат.

«Oda TV» билдиргендей, Гүлен АКШнын Пеннсильвания штатындагы өз үйүндө шаршембиге караган түнү ууландырылган. Ошондой эле, анын жанындагы дагы бир адам каза болду. Гүлендин үй кызматкерлерине журналисттер менен сүйлөшүүгө тыюу салынды. «Oda TV» бул маалыматтар Түркиянын атайын кызматтарындагы булактар жеткиргенин айтууда. 

Ошону менен катар Гүлендин уюму видео жарыялап, анда Гүлендин креслодо отуруп, дуба кылып жатканын көрсөткөн. Бирок «Oda TV» - бул тасма мурда жарыяланган видеолордон монтаждалганын билдирет. Азырынча Түркиянын массалык маалымат каражаттары Гүлендин абалы тууралуу так маалымат бере элек.

Булак: NewsNews.kg

Последние новости