www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь РИИБдин башчысынын орун басары Бегайым Турапова кармалды. Маалыматты 19-ноябрда «Сводка.АКИpress» редакциясына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыктады.

Аскердик прокуратура аны 18-ноябрда камакка алган. Турапова алдамчылыкка шектелген Асыл Талипованын иши боюнча кармалган.

Буга чейин бул иш боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Талгат Кубатбеков жана тергөөчүлөр кармалган.

Көзөмөл органынын айтымында, алар кыйноо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана пара талап кылуу боюнча шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости