www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 17-ноябрында Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Кытай Эл Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нонг Ронг менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибин, анын ичинде Ооганстандагы абалды талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев транспорт-энергетика чөйрөсүндө мамлекеттер аралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин, атап айтканда, аймактык соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасы жана Пакистан Ислам Республикасы Өкмөттөрүнүн ортосундагы транзиттик жүк ташуу боюнча төрт тараптуу макулдашуунун алкагында өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Тараптар аймактык күн тартибинин алкагында кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган эки өлкөнүн дипломатиялык миссияларынын ортосундагы байланыштарды мындан ары да улантууну макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости