www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда “Коомдук кеңеш” деп аталган уюм түзүлдү. Уюмду саясатчы Бекболот Талгарбеков экс-депутат Исмаил Исаков менен чогуу негиздегенин “Азаттыкка” билдирди. Алардын айтымында, саясатчы, коомдук ишмерлерден турган 50 киши бийликтин кемчиликтерин көрсөтүп, кеңеш берет. “Садыр Жапаровду мактаган кишилери толтура, биз ачуу чындык айталы деген ниетибиз бар”, - деп билдирди Талгарбеков.
Өткөн айда "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн. Кыймылдын башкы максаты - демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, каатчылыкка каршы экономикалык программа иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берүү экени айтылган.
Президент Садыр Жапаров жакында “Кабар” агенттигине курган маегинде өлкөдөгү оппозиция жөнүндө пикирин билдирип, "бийликти сындагандар керек, бирок алар такталбаган маалыматтарды таратып жатат" деп айткан. Ошондой эле, “башаламандык кылам дегендерди жазага тартабыз” деп билдирген.
Булак: NazarNews.kg