www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан"* кыймылынын саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мухаммед Наим Афганистанда согуш аяктаганын жана өлкөдө башкаруу формасы жакында белгилүү болорун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Биз 20 жыл мурун өлкөбүздө башталган бул согушту токтоттук", — деди ал Al Jazeera телеканалынын эфиринде.

Наим ошондой эле Афганистандын жашоочулары менен чет элдик дипломаттардын коопсуздугу кепилденерин белгилеген. Анын айтымында, талибдер бардык афган лидерлери менен диалогго даяр жана аларды коргоого убада беришет.

Ал кошумчалагандай, "Талибан"* эл аралык коомчулуктагы коркунучтарды сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө жана башка мамлекеттер менен байланышты бекемдөөгө даяр.

Буга чейин "Талибан"* Афганистандагы бир катар аймактарды, анын ичинде борбор калаа Кабулду ээлеп алган. Өлкө башчы Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.

Талибдер АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрүн чыгарып кеткенден кийин аракетин күчөттү. Бир нече жуманын ичинде кыймыл өлкөнү дээрлик толугу менен көзөмөлгө алууга жетишти.

*"Талибан" — террордук уюм деп табылып, Россияда ага тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости