www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын бийлиги "Ислам мамлекети"* террордук уюмунун 80 согушкерин камаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Талибан"* күчтөрү акыркы күндөрү "Ислам мамлекетинин"* 80ге чукул согушкерин камакка алды", — деп билдирген аталган провинциянын губернатору Мавлави Мохаммад Надим.
РИА Новостиге провинциянын жашоочусунун бири талибдер акыркы үч күндө үймө-үй кыдырып, "Ислам мамлекетине"* тиешеси барларды аныктоо боюнча рейд өткөргөнүн айткан. Анын жыйынтыгында алты кишини камаган.
Кулатылган өкмөттүн өкүлүнүн маалымдаганына караганда, талибдер акыркы аптада Желал-Абад провинциясынын административдик борборундагы "Ислам мамлекетине"* тиешеси болушу мүмкүн делген алты окуу жайын жапкан.
Буга чейин кыймылдын өкүлү Мухаммед Наим РИА Новостиге берген маегинде, кыймыл "Ислам мамлекети"* тарабынан болгон кооптуулукка байланышкан кырдаалды көзөмөлдөп турарын айткан. Алардын дагы бир өкүлү Забиулла Муджахид "Ислам мамлекетинин"* Афганистанда активдешине мүмкүнчүлүк бербей тургандыктарын билдирген эле.
* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.
Булак: NazarNews.kg