www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Бамиян провинциясындагы талиптердин соту бири-бирин сүйгөн кызңжигитти никеге чейинки мамилелери үчүн күнөөлүү деп таап, эл алдында уруп-сабоо өкүмүн чыгарды, деп жазат Khaama Press.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, Арезу менен Мохаммад Эсса талибдер тарабынан кармалганда Бамиян провинциясына көңүл ачуу үчүн барышкан. Миңге жакын адам талибдердин жазаны эл алдында аткарып жатканына күбө болгону айтылат.
Талибандын жергиликтүү бийликтери кырдаалга жана жазанын эл алдында аткарылышына азырынча реакция кыла элек. Буга чейин талиптер ойноштукка айыпталгандарды өлкөнүн ар кайсы аймактарында жазалап келишкен.
Талибандын бир өкүлү аларга хадис жана кыса жазаларын аткаруу дин милдети, важиб экенин жана амир ал-мүминин (момундардын башкы амири) катары анын буйругуна баш ийүү экенин айтты.
Булак: NazarNews.kg