www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" өкмөтү үч айдан бери айлыксыз иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге 20-ноябрдан маяна бериле баштаганын билдирди.

"Үч айлык эмгек акы дароо берилет", - деди каржы министри Ахмад Вали Хакмал Кабулда өткөн басма сөз жыйынында. Анын билдиришинче, акыркы айларда 277 миллион доллар салык жыйналды. Маяна ушул акчадан төлөнөт.

Ооганстанда бийликти талиптер басып алган 15-августтан бери каржылык кризистен улам кызматкерлер айлыксыз иштеп жатышкан эле.

Экономикалык каатчылык АКШ өз банктарында Кабулга таандык 10 миллиард долларды тоңдуруп койгондон кийин күчөгөн. Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта кору да Ооганстанга каржылык көмөк көрсөтүүнү токтоткон.

"Талибан" бийликти басып алганга чейин ооган өкмөтүнүн чыгымдарынын 75% батыштагы донор мамлекеттер жаап келген.

"Талибан" кыймылы Кыргызстанда 2006-жылы соттун чечими менен экстремисттик деп табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости