www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египеттин Жер ортолук деңизинин жээгинде кумдуу бороон, нөшөр жана бороон-чапкын болду. Кырсыктан улам өлкөнүн бир катар провинцияларында мектептер жабылды, деп билдирет «Ahram Online».

Кабарларга караганда, бороон-чапкын менен коштолгон нөшөр селге алып келип, анын кесепетинен унаалар жана тамак-аш күркөлөрү чөгүп кеткен.

Александрияда жана башка бир катар шаарларда бир нече көчөлөрдү суу каптап, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдуктар жаралган.

Мындан сырткары, Каирден 90 чакырым түштүк-батышта оазисте жайгашкан Файюм шаарында да кумдуу бороон байкалган. Окуянын күбөлөрү жаратылыш кубулушун видеого тартышкан.

Метеорологдордун маалыматы боюнча, өлкөдө ишембиден тарта туруксуз аба ырайынын төрт күндүк толкуну күтүлөт. Мелүүн жана катуу жаан, шамал болуп, абанын температурасы үч градустан төрт градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости