www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибан Ооганстандын борборун көчүрүүнү пландап жатат

«Талибан» кыймылы Ооганстандын борборун Кабулдан өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Кандагар шаарына көчүрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу кечээ, шейшемби күнү өлкөнүн мурдагы вице-президенти Амрулла Салех жергиликтүү Aamaj News агенттигине билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

«Талибан Ооганстандын борборун Кандагарга эч кандай алдын ала эскертүүсүз көчүрүүнү каалап жатат», – деди Салех.

Анын айтымында, муну менен талиптер учурдагы борбор шаар Кабулду административдик борборго айлантып, саясий тирешүүдөн жана өкмөткө каршы нааразылык акцияларынан обочолонтууну пландашууда.

Ооганстандын мурдагы вице-президентинини билдирүүснө караганда, өлкөнүн парламентине шайлоо талиптердин лидери Хибатулла Ахунзада башында турган атайын комитеттин көзөмөлүндө өтөрүн билдирди.

Парламент өзү премьер-министрдин программасын гана угат, бирок аны бекитүүгө же четке кагууга укугу болбойт.

Мындан тышкары,Талибан штаб-квартирасы Кандагарда жайгаша турган Уламалардын Жогорку Кеңешин түзүү чечимин кабыл алган. Салехтин айтымында, дал ушул кенеш Ахунзада өлгөндөн кийин кыймылдын жаңы лидерин дайындоо укугуна ээ болот.

Буга чейин Ооганстандагы университеттерде студенттерди жынысы боюнча бөлүп, өз-өзүнчө билим берүү системасы киргизилгени маалымдалган. Талиптер өлкөнүн Жогорку билим берүү министрлиги студенттерди белгилүү бир күндөрдө университеттерге бара турган топторго бөлүүнү чечиши керектигин талап кылган.

Белгилей кетсек, Ооганстанда Талибан кыймылы бийликке келгенден бери өлкөдө аялдарга ар кандай тыюу салуулар киргизилип келет. Аталган кыймыл аялдарга коомдук транспортто жана окуу жайларда хиджабсыз жүрбөөнү буйрук кылган. Ошондой эле, аталган кыймыл түзгөн өкмөт такси айдоочуларына эркектердин коштоосу жок узак сапарга чыгам деген аялдарды унаага отургузуусуна тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости