www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Facebook социалдык тармагында өзүн «жоокер кыргыз» деп атап алган жигит ачык эле «жихад» согушуна үндөп жатат. Мындай пикирди Алаке Алманбет билдирди.

Анын айтымында, Facebook социалдык тармагында лакап ат менен катталган колдонуучу жарандарды ачык түрдө согушка үндөп жатат.

«УКМК, ЖК, бийлик башындагылар, ойлонгула! Бул жихадка чакырык таштоо. Булар калп эле тоого чыгып, аң уулоо болуп көрүнүмүш болуп жүрөт.

Чындыгында аң улоого да жол берилбейт, азыр заман башка, жаратылышты сактоо керек. Тоого чыгып, кайберен жана башка жаныбарларды аткандарды да жоопко тартуу керек. Бирок бул эки дин таратуучулардын мергенчилик колдорунан келбейт, булардын максаты - жихад!

Түз айта албай, сүрөт сүйлөсүн дегендик!      

           

Мындайларга тезинен чара көрбөсө, кыргыз жок болуп кетүүсү кеп эмес. Булар эл ичинде билинбей өөрчүп жаткан өңдүү, мына эми, ачыкка чыга баштады. «УКМКнын колунан эч нерсе келбейт» деп жазып жаткандары да бар, терең ойлонгула, бийлик башындагылар!», - деп белгилейт Алаке Алманбет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости