www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан" кыймылынын жоочулары Ооганстандын түндүгүндө жашаган 1000ден ашык адамды мажбурлап көчүрүүгө жана алардын айдоо жерлерин тартып алууга көмөктөшкөн деп айыпталууда. Кеп өзбек жана түркмөн жамааттары жашаган Жаузжан провинциясындагы 20 миң гектарга жакын жер жөнүндө болууда.

Аталган аймакта жашаган этникалык өзбектер менен түркмөндөрдүн айтымында, пуштундар талибдердин жардамы менен Кабулда бийлик алмашкандан кийин алардын үйлөрүн жана жерлерин басып алышкан. Пуштундар "Талибан" кыймылынын курамындагы көпчүлүктү түзгөн этникалык топ болуп эсептелет.

Жаузжан провинциясынын алыскы Дарбаз районуна көчүрүлгөн Абдулла аттуу тургун 27-ноябрда "Талибандын" жоочулары көчмөн пуштундардын коштоосунда келип, миңден ашык өзбек жана түркмөн улутундагы адамдарды үйлөрүнөн мажбурлап көчүрүшкөнүн билдирди. Анын айтымында, "Талибан" кыймылынын аймактагы бийлик өкүлдөрү ыктымал жер басып алуулар боюнча тергөө жүргүзүү үчүн делегация жөнөтүүнү убадалашкан, бирок эч ким келген эмес.

"Бул жерлер жүздөгөн жылдардан бери бизге таандык. Биз аны иштетип жүрөбүз, ал биздики", - деди Абдулла.

Аймактын Файзулла аттуу дагы бир тургуну көчмөн пуштундар "Талибандын" жардамы менен алардын 20 гектардан ашык жерин басып алганын билдирүүдө. "Эч кимибиз каршылык көрсөтө алган жокпуз. Эгер нааразылыгыбызды билдирсек баарыбызды өлтүрүп коюшмак", - деди ал.

29-ноябрда "Талибандын" өкүлү Билал Карими бул боюнча "Би-Би-Сиге" комметарий берип, Жаузжанда эч ким мажбурлап көчүрүлбөгөнүн билдирген. "Эч ким көчүрүлгөн эмес. Аймакта абал тынч. Бийлик азыр бул маалыматтарды тактап жатат. Эч бир топтун менчик мүлккө кол салуусуна жол берилбейт", - деген ал.

"Талибан" өзүн чыныгы улуттук топ катары көрсөтүүгө аракет кылганы менен анын каршылаштары талибдер этникалык пуштундардын кызыкылыгында гана кызмат кылат деп айыпталып келишет. "Талибандын" лидерлери менен жоочуларынын басымдуу бөлүгүн пуштундар түзөт.

Ооганстанда жашаган этникалык топтордун так саны белгисиз. Анткени өлкөдө буга чейин бир да жолу эл каттоо болгон эмес. Акыркы жолу эл каттоо аракети 1970-жылдардын аягында көрүлүп, бирок ал ишке ашкан эмес.

Талибдер жалпы өлкө боюнча миңдеген кишилерди мажбурлап көчүргөн деп айыпталып келишет.

"Талибан" кыймылы август айында Кабулдагы бийликти басып алгандан кийин өлкөнүн беш провинциясындагы жүздөгөн шиит-хазар үй-бүлөлөрүн мажбурлап көчүрүшкөн. Укук коргоочулардын баамында, талибдердин жергиликтүү тургундарды күчтөп көчүрүү аракети – бул алардын жерлерин өз тарапташтарына бөлүп берүү жана буга чейинки өкмөттү колдогон жамааттарды жазалоо аракети болуп эсептелет.

Сентябрдын аягында талибдер Дайкунди провинциясында 700гө жакын хазарды мажбурлап көчүрүшкөн. "Талибан" анда алар жашаган жерлерди баштапкы ээлерине кайтарып берүү тууралуу сот өкүмүн аткарып жатышканын билдиришкен.

Октябрда өлкөнүн Гильменд жана Балх провинцияларында да жүздөгөн хазар үй-бүлөлөрү күчтөп көчүрүлгөнү кабарланган.

Талибдер мындан тышкары Кандагар провинциясындагы пуштундарды да мажбурлап көчүрүшкөн. Мындай жазага туш болгондор мурдагы өкмөттө иштеген жана анын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөндөр болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости