www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ биздин өлкөнүн ишине кийлигишпеши керек. Бул туурауу "Талибандын"* расмий өкүлү Забихулла Муджахид билдирди.
"Алар биздин өлкөнүн ишине кийлигишпеши керек. Бизди адамдык ресурстардан – дарыгерлерден, профессорлордон жана башка адамдардан кол жуудуруп жатат. Андай кишилер бул жерге керек болчу", — деген Муджахид.
Өкүлдүн пикиринде, АКШда бул кишилердин идиш жуугуч жана ашпозчу болуп иштеши адамдык мамилеге жатпайт.
Андан сырткары, топтун маалымат катчысынын милдетин аткаруучу чет элдик паспорту бар жана башка өлкөгө виза алып, чыгып кетүүгө аракеттенген афгандар аэропортко тоскоолдуксуз өткөрүлө тургандыгын белгиледи.
Ал мурда америкалык аскерлер менен иштеген бардык котормочулар жана башка адамдардын коопсуздугуна кепилдик берилерин билдирген. АКШнын афганистандыктарды эвакуациялоо аракеттерине талибдердин ичи чыкпагандыгын кошумчалаган.
Афганистандагы бийлик алмашуу
Афганистандан америкалык аскер күчтөр чыгарылып жатканда "Талибан"* кыймылынын согушкерлери чабуулга өтүшкөн. Өлкөдөгү бир катар ири шаарларды басып алып, 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салган. Азыр мамлекетте башкаруунун кандай формасы болору талкууланып жаткан маал. Жаңы бийликке жакын маалымат булактардын РИА Новостиге билдиргенине караганда, бийликти 12 кишиден турган кеңеш башкарат.
Ал эми атасы Ахмад Шах Масуд мындан 20 жыл мурда террорчулардын колунан набыт болгон Ахмад Масуддун аскерлери жайгашкан Панжшер провинциясы талибдерге каршылык көрсөткөн жападан жалгыз очок болуп калууда.
Талибдер Афганистандын арбын бөлүгүн ээлегенден кийин АКШ аскерлеринин кайтаруусундагы Кабул аэропорту аркылуу чет элдиктер жана аларга көмөкчү болгон жергиликтүү тургундар да эвакуацияланып жаткан.
* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм
Булак: NazarNews.kg