www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстан Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Ооганстандын айыл чарба продукциясын Орусиянын рыногуна экспорттоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги жарыялаган маалыматта айтылат.

Белгилей кетсек, Анталья дипломатиялык форумунун алкагында Ооганстан тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Моттаки менен жолугушуусу болуп өткөн.

Анда Амир Хан Моттаки континенттин Түндүгү менен Түштүгүн байланыштырган соода жолдорун түзүүнү сунуштап, Кыргызстандын кызыкчылыгын жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн эске алып Афганистандын айыл чарба продукциясын Орусиянын рыногуна экспорттоого көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

"Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу 2021-жылдын сентябрь жана октябрь айларында Ооганстан элине гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди. Бул контекстте ал Бадахшан аймагынын жергиликтүү калкынын, анын ичинде Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздардын жыргалчылыгы үчүн ооруканаларды жана мектептерди куруу аркылуу Бадахшан облусун биргеликте өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ооган тарап Борбордук Азия өлкөлөрү менен Ооганстандын ортосундагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана кийин региондун өлкөлөрүнүн ортосунда ротациялоо менен Кабулда коопсуздук маселелери боюнча конференция өткөрүүнү сунуштады.

Ал эми Руслан Казакбаев Кыргызстан Афганистан менен коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуп, Ооганстандын ички иштерине кийлигишпөө принцибин дайыма карманып келерин жана өз өлкөсүнүн келечегин аныктоодо афган элинин укугун урматтай тургандыгын белгилеген.

Министр башка мамлекеттердин Ооганстан боюнча бардык тынчтык жана гуманитардык демилгелерин кубаттап, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө, экономикалык өсүшүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө кызыкдар экенин билдирип, афган тарапты эл аралык коомчулук менен кызматташууга чакыра кеткен.

"Казакбаев баңгизатка каршы күрөшүүнү улантууга жана эл аралык террордук топтордун Ооганстандын аймагын коңшу өлкөлөргө, региондун өлкөлөрүнө жана бүтүндөй дүйнө өлкөлөрүнө каршы пайдалануусуна жол бербөө боюнча жаңы афган бийлиги тарабынан кабыл алынган аракеттерди кубаттады", — деп айтылат маалыматта.

Казакбаев ошондой эле Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу, региондун бардык өлкөлөрүнүн ортосундагы транзиттик-транспорттук потенциалды практикалык жактан өнүктүрүү жана толук пайдалануу маселелери өзгөчө актуалдуу болуп жаткандыгына афган тараптын көңүлүн бурган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости