www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин азыркы кылып жаткан иштери коомдо жаш өсүп келе жаткан жаштарга терс таасир тийгизет. Мындай пикирин юрист Илим Карыпбеков билдирди.
«Мен, негизи, Алымкадыр Бейшеналиев менен жакындан тааныш же жердеш эмесмин. Ал мага жакшылык да, жамандык да кылган эмес. Бирок анын азыркы жүргүзүп жаткан реформасына кейип, өз оюмду билдирүүнү чечтим.
«Аконит» министрдин өзүнүн деңгээлине карабай туруп, сөгүнүп, оозуна келгенди айтып, «тишин санап, чачын жулуп» жатканы коомдо өсүп келе жаткан жаш муунга терс тарбиянын үлгүсүн көрсөтүп жатат. Анткени, алар «демек, азыркы коомдо билим менен маданияттуу болуунун деле кажети жок экен. «Президенттин эрке баласы» болуп, бирөөнүнү колтугуна кирип алса эле болду экен» деп ойлой башташат. Тез арада бул министрге чара көрүлбөсө арты жаман болот. Акыры азыр аны колдоп жаткан элдерди да бир күнү өз үйлөрүнөн да кууп чыгышы мүмүкүн.
Алымкадыр Бейшеналиевдин бул жосунсуз жоругуна «кой» дей турган жогору жактагылар эмне кылып отурат? Негизи, мыйзамда «преступное бездействие» деген бар. Кылмышты кандайдыр бир иш аракеттер менен эмес, унчукпай отуруп деле жасаса болот. Мына азыр бийликтегилердин «аконит» министрдин кылгандарына эч кандай реакция кылбай, карап отурганынын өзү да кылмыш болуп калат. Урматтуу жогору жактагы адамдар, «акониттин» кылгандарына унчукпай, көз жумуп коюп, сиздер мамлекеттин пайдубалын уратып жатасыздар», - деди Карыпбеков.
Эске салсак, буга чейин министр Бишкек шаарындагы №2 ооруканага (мурдагы №6 оорукана) барып, Алмазбек Исманкуловдон жеке клиникасын бошотууну талап кылган. Анда орукананын кызматкерлери имаратты бир сааттын ичинде бошотпосо, «тишиңди бирден санайм» деген. Алымкадыр Бейшеналиев бул Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы экенин айткан.
Ошондой эле министр Бейшеналиев Токтайым Үмөталиева ээлик кылган Бишкектеги 6-оорукананын жанындагы компьютердик томографиядан кууп чыгарын да эскерткен.
Негизи эле октябрь окуясынан кийин Садыр Жапаровдун аркасында бийликке келген бул министр кызматка киришкенден тартып эле «хайп» жаратып келет. Башында «уу коргошун» менен таанылган Бейшеналиев Президент Жапаров менен жакын дос экенин бүткүл жумурай-журтка жар салган. Ошондонбу айтор, Алымкадыр мырза коомдо ар кандай талкуу жараткан, чуу салган кадамдарга барса да Президент тараптан «кой» деген сылык кеп айтылбай келет.
Булак: NazarNews.kg