www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тамагынан чач таап алган күйөөсү аялынын чачын кырып салды. Бул окуя Бангладеште катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда,  окуя 9-октябрда болгон. Жайпурхат районундагы айылдардын биринин тургундары кабарлагандан кийин, полиция 35 жаштагы Бабла Мондаланы кармаган. Бабла аялы даярдаган сүт кошулуп жасалган күрүч тамактан чач таап алып, жини келген да, кыйнап туруп 23 жаштагы аялынын чачып кырып салган. Бул кылмышы үчүн Бабла 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Аялдарды ырайымсыз мамиле кылуудан жана сексуалдык зомбулук көрсөтүүдөн коргогон мыйзам бар болгон менен Бангладеште аялдарга карата ырайымсыз мамилелер азайбай келет. Күнүнө 3 зордуктоо кылмышы катталат, ушул жылдын январь айынан июнь айына чейин эле 630 аял зордукталса, 37 аял өлтүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости