www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир топтон бери «бузулуп» жаткан «Бульдозер» Азимбек Бекназаров артынан «кара түтүнүн буркуратып» кайрадан «от» алды. Атына заты жарашып ар кимди «сүзгүлөп» көнүп калган бечара, эч ким сурабаса деле азыркы президентке барып «сүйкөнүп» Азербайжанга, Турцияга, Малайзияга кантип «элчи» болгонун саймедиреп берди. Керек болсо, Куала-Лумпурдан агреман алууга да жетишкен экен кайран киши. Кызыгы Азикенин айтымында азыркы бийлик эмнегедир унчукпайт имиш.

«Бульдозердин» эски ыкмасына салып «күркүрөп» жатышынын бирден бир максаты бар экенин, түпкүлүгүндө эптеп эле бийликке жетүү экени сокурга деле көрүнүп турат. Өзү да мындай ниетин жашырбай: «Бул жумада президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугам. Ал жерден баары чечилет. Бийлик мени өз партиясына албайт, оппозиция үчүн менин акчам жок» -деп «агынан» жарылды.

Формалдуу түрдө Бекназаровдун бийликтен «устукан» алуусуна «Элдик курултайдын» аткаруу комитетинин «уруксаты» эле жетишпей турат имиш. Бирок, айтылуу «Бульдозер» президентти баш мыйзам боюнча референдум өткөрүүгө үгүттөп жаткандай.

Бекназаровдун айтымында президент референдум өткөрүүгө макул болгон экен. Анда Президент менен Жогорку Кеңештин элдик курултайга отчет берүүсү, президенттик же парламенттик башкарууну тандап алуу жана парламентке мажоритардык же пропорционалдык система менен шайлоо өткөрүү боюнча үч суроо коюлат.

Ооз менен айтканга оңой болгону менен мындай талаптарды иш жүзүнө ашыруу алда канча оор. Ал эми Жерүй кени боюнча Бекназаровдун айткандары кызылдай чагымчылдык эмей эмине? Бекназаров: «Жерүйдүн алтыны 5 миллиард долларга бааланат. Бирок Кыргызстанга бул үчүн болгону 100 миллион доллар төлөштү» – деп элдин башын айлантууда. Иш жүзүндө «Жерүйдүн» Бекназаров айткан 5 милларддык алтынын тонналаган рудадан бөлүп алуу үчүн кайра эле миллиарддаган доллар каражат сарптоо керек экенин Азике жакшы билсе да, ал боюнча айткысы келбейт. Карапайым адамдар болсо, муну талап-тоноочулук катары түшүнүп калышы толук ыктымал. «Бульдозердин» «бутасы» деле негизи ушул тарапка багытталган.

Ары айт, бери айт «Бульдозер» саясий интрига уюштурууда алдына адам салбасы белгилүү. Ал Жерүй маселесин бекеринен биринчи планга чыгарып жаткан жок. Анткени Азике Кумтөр маселесин Ысык-Көлдөгү Саруу айылында көтөрүп, далай жаш балдарды кылмышка түртүп, өзү «суудан кургак» чыгып кеткен жагдайы бар. Эгерде, Таласта да Саруу окуясы кайталанса, Бекназаров дагы деле «сүттөн ак» адам болуп кутулуп, азабын карапайым адамдар тартып калышы толук ыктымал.

Улам бир жыландын башын көргөзүп жаткан Азикенин амалынын төркүнү эл үчүн күйүп бышкан мекенчилдигинде эмес, такыр башкада экенин алыс барбай эле өзүнүн сөзүнөн илгиртпей түшүнүүгө болот.

«Мен элчилик боюнча акыркы чечимимди президент менен жолуккандан кийин айтам» – дейт. Эмне үчүн ал басма сөз жыйынында эле бир чечимге келе алган жок? Көрсө, кайран Азикең бир уулунун президенттин аппаратында катардагы кызматкер болуп жүргөнүнө «ичи чыкпай» жүрүптүр. Анысы аз келгенсип, экинчи уулу да Түркияда жүргөнү менен ал жердеги Кыргызстандын консулдугуна ишке кире албай жүргөн тура…

«Бульдозерге» бир эле баласынын кызматта болуусу абдан эле аздык кылат экен. Макул дейли. Экинчи уулун консулдукка жумушка алып, өзүн элчи кылып жиберсек эле Бекназаровдордун жаны жай алабы? Же дагы толгон-токой «бекназаровдор» жылуу креслого отурмайын «Бульдозер» «күрүлдөй» береби? Уят деле калбаптыр да.

Ошентип, ноябрь айында көптөн бери ызы-чууну көрбөгөн Ала-Тоо аянтында айтылуу «Бульдозер» курултай өткөрүп, жогоруда аталган маселелерди кабыргасынан коем деп турган кербези. Ошон үчүн ал кечээ эле курултайында: «Атамбаев камалсын!» – деп кыйкырган ураанын, бүгүн «Атамбаев үй камагына чыксын!» менен алмаштырды. Азике Атамбаевдин артынан жок дегенде алтымыш адам чыкса, аны «ысык темага» айлантып жибербей жаны жокпу. Ал арада, «же Азике АШАга адвокаттык кызматын көрсөтүп баштадыбы?» (албетте, бекер эмес) деген да божомолдор айтылып кетти. Бул тууралуу “Де-Факто” гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости