www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коомдук тамактануу, азык-түлүк соодасы жана айрым медициналык-косметологиялык кызматтарды санитардык көзөмөлдөөнү күчөтүү сунушталууда. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Долбоордун негиздеме-маалым катында жайкы туристтик сезондо тамак-аштан уулануу жана ичеги-карын жугуштуу оорулары көбөйүүдө. Өзгөчө Ысык-Көл облусунда жана Бишкекте сезондук соода-тамактануу жайларын көзөмөлдөө татаал экени айтылат. Көп объектилер даярдыгы жок ачылып, каттоодо маалыматтары толук болбой калат. Натыйжада пландуу текшерүүгө киргизүү мүмкүн болбой, айрым жайлар көзөмөлдөн тыш калып жатат.

Ушуга байланыштуу «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

«сезондук объектилер» жана «парентералдык кийлигишүү» түшүнүктөрүнө так аныктама берүү.

Парентералдык кийлигишүүлөр – бул теринин каптамасынын бүтүндүгүнүн бузуу менен жүргүзүлүүчү медициналык жана косметикалык процедуралар.

Сезондук объектилер – бул убактылуу мүнөздө жана жылдын белгилүү бир мезгилдеринде, негизинен жайкы туристтик сезондо иштеген объектилер.

азык-түлүк өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана парентералдык процедураларды көрсөткөн кызматтар боюнча пландуу текшерүүлөрдү алдын ала эскертүүсүз өткөрүү;

жогорку тобокелдиктеги бул кызматтарга жаңы ачылган ишканаларды 3 жыл текшербөө тууралуу чектөөнү колдонбоо;

жайкы туристтик маалда сезондук тамак-аш объекттерин күтүүсүз текшерүү механизмин киргизүү;

жаңы ачылган, анын ичинде сезондук объекттер ишин баштардын алдында санитардык көзөмөл органдарына билдирүү жөнөтүүсүн милдеттендирүү.

Демилге санитардык талаптарды бузган, адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан объекттерге ыкчам чара көрүүнү жеңилдетүүгө багытталганы белгиленет.

Последние новости