www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов куру калгансып саясатка жантыгынан жата калып кирген Мирлан Жээнчороев өткөн шайлоодо «Республика» партиясын жетектеп, жеңилип, бул ирет партиясы менен шайлоого аттанбай калган. 2021-жылы 21-сентябрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Башкы прокурор иш козгоо үчүн УКМК төрагасына команда берип жатканын билдирген.

Ага Башкы прокурор "Мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо сизге бир нерсе таап коюш оңой эле" деп жооп берген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен депутат Мирлан Жээнчороевдин кайым айтышуусунан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлүнө телефон чала калыптыр, бул маалыматты Мирлан Жээнчороев өзү тастыктаган.

Жээнчороевдин айтуусунда ал Ташиев менен телефон менен сүйлөшкөн, анын айтуусунда: «Ал ушактарды четке какты. Телефон менен сүйлөшүп бири-бирибизге түшүнбөстүктү жөнгө салдык. Сүйлөшүп, бул маалыматтар ушак деңгээлинде экенин аныктадык» - деди. Эл өкүлү "Ташиев ага иш козгоо үчүн кандайдыр бир илинчек изделип жатат" деген кепти төгүндөгөнүн белгиледи.

Атамбаев дегенде «ак эткенден, так этип калган» Өмүрбек Бабанов болсо «Республика» партиясынын тизгинин тартты. Өткөн 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо жээни Жээнчороев баш-көз болгон бул партияда шайлоодо жеңилишке учурап калган.

Бабанов да 2020-жылдын 9-октябрында бийликти басып алууда жеңилишке учурап калгандан соң, оозундагы сөзү түшүп, камчы чапса желпинген «көлүк» болуп калган. Өзүнүн партия «Республика» жеңишке жетишпей каларына көзү жеткен Бабанов бул ирет креативдүү ойлонуп шайлоого аттанган жок.

Жээнчороевко окшогон жаштарга анын мындай кадамы жаккан жок. Ошондуктан Жээнчороевке окшогондор Бабанов менен кайым айтышып, башка партияларга көз артууда.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости