www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Токон Мамытов кыргыз-тажик чек арасын тартипке келтирбесе 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясы кайталанышы мүмкүндүгүн айтты.

Ал «Пикир» регионалдык эксперттер клубу уюштурган «Афганистан Кыргызстан жана ЖККУ өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан фактор катары» аталышындагы конференцияда сүйлөдү.

«Биринчиден, чек аралардын коопсуздугун тийиштүү деңгээлде камсыздашыбыз керек. Ошондой эле Панжшерге да, Кабулга да, жадагалса тышкы күчтөргө да баш ийбеген куралдуу топтордун аракеттерин көзөмөлдөшүбүз керек. Алар өтө коркунучтуу, каалаган тышкы күчтөр бизге каршы колдонушу мүмкүн», — деген Мамытов.

Ал кыргыз-тажик чек арасын бекемдеш керектигин белгилеген.

«Бул жакта абал жакшы эмес. 1998-жылы биздин батальон чыгарылгандан кийин согушкерлерге жол ачылып, аймакка баш бага баштаган. Эгерде чек араны тартипке келтирбесек окуя кайталанып, оор абалга кептелишибиз мүмкүн», — деген Мамытов.

Эске салсак, 1999-2000-жылдардын жай айларында жүздөгөн террорчу Кыргызстандын түштүгүнө кирип, бир нече айылды басып алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости